Жалал-Абад облусунда ишкерликти мыйзамсыз текшерүү фактысы аныкталганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Таш-Көмүр шаардык ишки иштер кызматкерлери, мыйзамды жана президенттин жарлыгын эске албай, ишкананын ишин токтотуусун кат жүзүндө талап кылган. Жыйынтыгында ал ишкана материалдык чыгымга учураган. Көзөмөл органынын кийлигишүүсү менен өндүрүш ишин жандантканы айтылат.
Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.