Жаңылыктар
Ош Исфана шаарына көмөк көрсөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош Исфана шаарына көмөк көрсөтөт

Ош шаардык мэриясынан Исфана шаарына барган делегация “Лейлек” муниципалдык ишканасы, Саламат Садыкова атындагы сейил багы жана реконструкция боло турган “Талант Ордо” аллеясынын абалы менен таанышты. 

Иш-сапардын алкагында делегация өкүлдөрү Лейлек жана Баткен райондорунун акимдери менен жолугушту. Администрация башчылары долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Мындан сырткары Оштон баргандар Кулунду айылында түрк технологиясына ылайык курулуп жаткан үйлөрдү көрүп, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан жабыркагандардан кабар алды. 

Сапардын жыйынтыгында, Исфана шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга көмөк көрсөтүү боюнча комиссиялык чечим кабыл алынды.