Быйыл жыл башынан бери 16 миң адам пневмония же өпкөнүн кагынышы менен ооруду. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,3%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Өпкөсү кагынып ооругандар Нарында өсүп, былтыркыга караганда 1,7 эсе көбөйгөн. Андан кийинки орунда Чүй, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаары турат. Ошол эле учурда пневмония болгондор Баткенде 25,3, ал эми Таласта 20,1% азайган. Адистер коронавирус пневмонияны козгоп, күчөтөрүн белгилешкен.