Жаңылыктар
Президент министрлер кабинетине табигый кырсыктардын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент министрлер кабинетине табигый кырсыктардын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. 

Мамлекет башчысы ар кандай табигый кырсыктар - сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи. 

Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл. 

Ошону менен бирге Министрлер кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин жигерлетүү тапшырылды. 

Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.