20-июлда Чүйдүн Аламүдүн районундагы “Кыргызстан” жаңы конушунда суу сактагычка 10 жаштагы бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап чыккан. Ушул эле күнү Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы суу сактагычка 17 жана 14 жаштагы кыздар чөгүп кеткен. Бирөөнүн сөөгүн эс алып жүргөн адамдар, экинчисин куткаруучулар таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ушул эле күнү Ысык-Көл облусунун Маяк айылында 12 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болгон. Министрлик дарыя, канал жана суу топтолгон жайларга сууга түшүүгө тыюу салынарын эскертип, ата-энелерди балдарына сак болууга чакырды.