УКМК 118 даана жабдуусу бар майнинг-ферманы үйүнө орнотуп, мыйзамсыз киреше таап жүргөн жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди.
УКМКнын энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзгөн иш-чараларынын алкагында Нарын шаарынын тургуну кармалды. Ал жабдуулардын үнү угулбашы үчүн орнотулган бөлмөнү сыртынан каптап чыккан.
Учурда тергөө уланып, бул ишке тиешеси бар адамдар аныкталууда.