Нью-Йорктогу банкроттулуук боюнча сот "Кумтөрдүн" мүлкүн жана эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчтү убактылуу канааттандырган жок. Бул тууралуу "Кумтөргө" сырткы башкаруучу катары дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.
Анын айтымында, 19-июлда Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча судья Лиза Бекерман "Центтера Голддун" кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын адвокаты Жеймс Бромлинин арызын караган. Анда адвокат Кумтөргө мыйзамсыз сырткы башкаруу киргизилгенин жүйө кылып, кендин мүлкүн жана эсептерин камакка алууну суранган. Бөлтүрүктүн айтымында, ишти караган судья арызды канааттандыруудан убактылуу баш тартып, 17-августтагы сот отурумунда кароо чечимин кабыл алды.
Ал “Кумтөрдү” банкрот деп таануу боюнча арыздар алгач Кыргызстандын аймагында каралышы керектигин билдирди. Соңку соттук процесс боюнча “Центерра Голд” комментарий бере элек.