21-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 570 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Суунун агып келиши секундасына 701 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 445 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.