Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

21-июлга караган түнү саат 04:33тө Кыргызстандын аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кызыл-Көл айылынан түндүк-чыгышка карай 13, Аркыт айылынан түндүк-чыгышка карай 16, Чат айылынан түндүк-чыгышка карай 17 чакырым аралыкта жайгашкан. Аркыт, Кызыл-Көл, Чат айылдарында силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен.