Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел агызып кеткен кыздын сөөгү табылды.
Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тартылган күчтөрдүн жардамы менен селдин кесепеттерин жоюу иш чаралары улантылууда.
Эске салсак, 20-июль күнү саат 17:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Достук, Чаңгыр-Таш айылдарында катуу түшкөн сел турак үйлөрдүн короолорун, Сузак – Кара-Дарыя унаа жолун каптаган.