Жаңылыктар
Жалал-Абаддын Сузак районунда сел кичинекей кызды агызып кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абаддын Сузак районунда сел кичинекей кызды агызып кетти

Жалал-Абаддын Сузак районунда сел кичинекей кызды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

20-июль саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарын каптаган сел алты жаштагы кызды агызып кеткен. 

Суу турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак—Кара-Дарыя жолун каптаган. Кызды ӨКМдин ыкчам тобу жана 50 куткаруучу, айылдык 30 тургун издеп жатканы айтылды.