Лейлекте 16 жаштагы баланын өмүрүн алган селдин кесепеттерин жоюу улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар миниистрлигинен 47 куткаруучу, жүктөгүч, грейдер тартылды. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандык коргоо комиссиясы менен аталган жердеги кум, шагыл, топуракка толгон турак жайларды тазалап жатат. Табият кырсыгы 40тан ашык үй, мектеп, бала бакча, мечитке, ички чарбалык унаа жолдорго зыянын тийгизген.