Курман айт күнү дүйнө элдери дасторконго түрдүү даам коюп, конок күтөт. Ар кайсы өлкөлөрдө улуттук тамагы бышырылат. Мисалы Малайзиянын улуттук тамагында таттуулар көп болгондуктан бул майрамды “таттуу айт” деп коюшат. Марокколуктар айт күнү улуттук кийимге басым жасаса, араб өлкөлөрүндө тамак алдында перзенттерине акча таратышат. Эми кыргыз элинин улуттук тамак-ашына кепти бурсак. Таласта курмандыкка союлган малдын этинен көбүнчө күлчатай жасалат.