«Асман» — келечектеги «экологиялык таза шаар» - 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыкталган, курулушу 7-10 жылдын аралыгында ишке аша турган долбоор. Бул багытта иш алып баруучу жумушчу топтун жыйыны Тору-Айгыр айылында болду. Алар шаар түшө турган жерди көрүп, жергиликтүү калктын пикирин укту.
Авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-насыялык мекемелерди жайгаштыруу каралган. Аймактан кабарчыбыз Эдил Мелисбек айтып берет.