Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайрадан түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мында негизги максат- натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздап, облустарда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо.
Мындан сырткары өкүлдөргө аймактардын социалдык экономикалык абалын көтөрүүгө багытталган бир катар милдеттер жүктөлүүдө.