Манас районундагы ири айыл өкмөттүн аймагындагы талаада 10-15 күндөн бери буудай чабылууда. Жаан-чачын болгон күндөрү гана комбайн бир аз токтобосо, тыным жок.
Бул талаанын кожоюну Нурахим Курманбаев 6 гектар аянтка буудайдын эки түрүн эккен. Былтыр бул жердин ар бир гектарынан 30 центнерден буудай алган.
Манас районундагы ири айыл аймак болгон Пакровка айыл өкмөтүндө миң гектарга чукул кылкандуу дан эгиндер айдалган. Учурда баары текши бышып, буудай чабыктын журүшү 70 пайыз аяктап калды. Айылда фермерлердин 5 комбайны талааларда кызмат көрсөтүп жатат.