Нарында Курман айт мусулмандардын ыйык майрамына даярдык көрүлүүдө. Теңир-Тоолуктар мал-жандыктарын жетелеп келип, дайындап, эртеңки күндү күтүп жатышат.
Учурда мал союучу жайларда кезек күткөндөр арбын, бери дегенде эле облус боюнча 100гө чукул бодо мал, 150дөн ашык майда жандык курмандыкка чалынат. Мындан тышкары колунда бар адамдар жана облустук казыят аз камсыздарга жардам катары эт таратууга дайынданып жатат.