Жаңылыктар
Кыргызстанда айт намазы мечиттерде окулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда айт намазы мечиттерде окулат

Курман айт намазы Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Пандемияга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт майрамын белгилөө боюнча айрым чектөөлөрдү киргизди. Өлкөдө оорунун үчүнчү толкуну күч алып жаткандыктан, айт намазга келген жарандар бет кап тагынып, аралыкты сактап, санитардык эрежелерди колдонуу талапка ылайык.