Жаңылыктар
Импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыргызстанда фермерлер малдын санын көбөйтүү аракетинде. Айрым маалыматтарга караганда өлкөдө 10 миллиондон ашык майда жандык, бир жарым миллион ири мүйүздүү мал жана жарым миллион жылкы, он миллион үй жаныбары бар. 

Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн анын баарына тоют керек. Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында Министрлер кабинети импорттолгон бир катар тоют азыктарын кошумча нарк салыгынан бошотту.