Чүй жана Кемин эки дарыясынын бириккен жерине Боролдой суу сактагычын куруу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө адистер аймакты топографиялык жактан изилдеп, долбоордук-сметалык документтерин даярдап жатышат. Суу сактагычтан тышкары дагы бир нече кичи ГЭСтерди куруу мерчемделген.
Муну менен катар айланма экинчи Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү иштери жүргүзүлөт. Каналдын узундугу болжол менен 20 чакырымды түзөт. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айтымында, бүгүнкү күндө дарыядагы суунун агып чыгышы секундасына 35-40 куб метрди түзүп, дыйкандар менен жергиликтүү тургундарга бир топ ыңгайсыздык жаратууда.