Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардагы тротуарларды жана оңдолгону жаткан Толубай-Ата көчөсүн карап чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Толубай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимовго чейинки бөлүгү "Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Кытай грантынын эсебинен реконструкцияланат. Жолдун узундугу 1 миң 280 метр, ал эми туурасы 15,6 метрге барабар. Тротуарлар курулуп, ирригациялык системалары орнотулат. Жолду оңдоо учурунда тоскоолдук жараткан айрым объектилер бузулат. Мэрдин милдетин аткаруучу Бөкөнбаев көчөсүндөгү тротуарлардын абалын карап чыгып, айрым кемчиликтерин тез арада бүткөрүүнү "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык мекемесине тапшырды.