Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине коюлган түндүк уурдалбаганын айтып, учурда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Айрымдар такталбаган маалыматтарга таянуу менен коомчулукта Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк "белгисиз адамдар тарабынан алынган" деген пикирикир жаратуу аракети көрүлүүдө. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт.
Буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерде жаткан түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар арбын болгон. Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып жатат. Азыркы тапта комплекске жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууланып жатат", — деп айтылат министрликтин маалыматында. Маданият министрлиги Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн тартипте кайтарыларын эскертип, популисттик аракеттен алыс болууга чакырган.