Жаңылыктар
Өлкөдө COVID-19дун эпидемиясы жогорку чекке жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө COVID-19дун эпидемиясы жогорку чекке жетти

Өлкөдө COVID-19дун эпидемиясы жогорку чекке жетти. Мындан улам эмдөө иши күчөтүлүүдө. Кытайдан алынып келинген 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы аймактардагы калкка, ооругандардын санына жараша бөлүштүрүлдү. Эгер элдин 70 пайызы эмделсе, жамааттык иммунитет пайда болору белгиленүүдө.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги августтун ортосуна чейин 1 млн 250 миң адамды коронавируска каршы эмдөөнү пландап жатат. Өлкө боюнча иштеп жаткан эмдөө жайларынын иштөө убактысы төмөндөгүдөй:
 
 - мамлекеттик медициналык мекемелерде - 8:00 - 23:00;
 - жеке медициналык мекемелерде - 8:00 - 17:00;
 - жалпы билим берүү мекемелерде - 9:00 - 17:00;
 - соода борборлорунда - 10:30 - 21:30;
 - маданий жана спорт жайлары менен көчмө мобилдик бригадалар - 9:00 - 17:00 чейин иштейт.
 Аталган жайлардын даректерин, иштөө тартибин med.kg сайтынан кенен билүүгө болот.
 
Бүгүнкү күндө дарыгерлер жарандарды вакцина алууга активдүү катышууга чакырууда. Айтымдарында эмдөө коронавирустан арылуунун башкы жолдорунун бири. Өлкөгө июлдун аягында дагы Кытай вакцинасынын 1 млн. 250 миң кошумча дозасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
 
Жакында коронавируска каршы эмдөөгө жазылуу онлайн түрдө жеткиликтүү болот. Азыр ыктыярчылар окутулууда. Алар өз алдынча эмдөөгө каттала албай жаткан же мүмкүнчүлүгү жок жарандарга жардам көрсөтөт. Ошондой эле, “Түндүк” электрондук порталы аркылуу коронавируска каршы вакцинадан өткөндүгү тууралуу электрондук сертификат берүү кызматы иштелип чыкты.
 
Бүгүнкү күндө дарыгерлер эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу кош бойлуу аялдарга вакцинаны алууну сунушташууда. Ар кайсы өлкөлөрдүн адистери эмдөөнүн пайдасы анын тобокелдигинен жогору деп эсептешет. COVID-19 эрте төрөлүү же түйүлдүктүн көтөрүлбөй калуу коркунучун жогорулатат. Медицина кызматкерлери эмдөөдөн өткөн боюнда бар айымдарды өз убагында көзөмөлдөп туруулары керек. Эске салсак, дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун боюнда бар айым эмдөөдөн өттү.
 
Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандар паспорту менен убактылуу эмдөөчү жайларга кайрылып, кеңеш алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күндө 8 миң чет мамлекеттик жаран эмдөөдөн өттү.
 
Коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө күч алып турган убагы. Мындан улам илдеттен арылуунун башкы жолу - вируска каршы эмдөө. Адистердин айтымында, вакцина алгандан кийин үч күн колго суу тийгизбей, алкоголдук ичимдиктен алыс болуу керек.
 
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Ушул күнгө чейин вакцинанын биринчи дозасын 150 миңден ашык адам алды. Вакцина бир адамга эки дозада сайылып, ортодогу аралык үч жума болот. Дарыгерлер өз ыктыяры менен келген адамдын алгач ден соолугун текшерип, андан соң эмдөөгө алат.
 
Коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү учурда өлкө аймагы боюнча жигердүү баскычка келип жетти. Республикалык эмдөө борборунан маалымдагандай, күнүнө 15-16 миң жаран вакцина алып жатат. Дарыгерлер мындай көрсөткүч менен жугуштуу инфекциянын алдын алуу ыргагы да жогорулаганын белгилешүүдө.

Коронавирус жугуштуу оорунун жаңы козгогучу. Азырынча аны белгилүү бир дары дармек менен дарылоого мүмкүн боло элек. Андыктан бүтүндөй дүйнө жүзү илдет менен эмдөө жолу аркылуу күрөшүп жатат.
 
Дарыгерлердин айтымында, жаран эмдөөдөн өткөндөн кийин бул инфекциядан толук кутулуп, кайра кабылбайт деген кепилдик жок. Бирок, өнөкөт оорулардын өтүшүп кетүүсүн жана ооруну оор өткөргөн учурлардын алдын алууга мүмкүн болду.
 
Апта башында Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырган. Ошол эле учурда мамлекет башчысы өлкөнүн бардык жарандарын аң-сезимдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүп, өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырган эле.