Жаңылыктар
Ошто дин кызматкерлери жапырт эмделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто дин  кызматкерлери жапырт эмделүүдө

Ош шаарында дин кызматкерлерин эмдөө иштери башталды. Калаанын вице-мэри Эмил Шадыканов Санитардык-эпидемиологиялык станциянын жана казыяттын жетекчилиги менен биргеликте имамдарга, казыяттын өкүлдөрүнө коронавируска каршы вацина алуу боюнча түшүндүрмө берген.

Диний ишмерлерге жамааттык иммунитетти иштеп чыгуу талап кылынып жатканын айтып беришкен.

Тиешелүү шарты бар диний мекемелерде жана мечиттерде эмдөө жайлары ачылып, бүгүнкү күндө мечиттерден 300дөн ашуун адам эмделгени айтылды. Ош шаарында 81 мечит, үч медресе жана 11 диний билим берүү мекемеси бар.