Жаңылыктар
Кара-Буура району: айыл аймакта иштеген милиция кызматкерлерине жер тилке бөлүнүп берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Буура району: айыл аймакта иштеген милиция кызматкерлерине жер тилке бөлүнүп берилет

Ушул жылдын 8-июль күнү Кара-Буура РИИБнин начальниги, милициянын полковниги М.Б.Калманбетов милициянын көчмө кабылдама автоунаасы менен Кара-Буура районунун Шекер, Аманбаев, Бакайыр жана Чолпонбай айыл аймак башчылары менен жолугушуп, ошол айыл аймактарды тейлеген милиция кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо жана айыл өкмөтү тарабынан жардам берүү маселеси талкууланды.

Мындан тышкары жогорудагы айылдарда иш алып барган милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылууда Аксакалдар соту, Жаштар Кеңеши жана ыктыярчылар менен биргеликте иштешүү сунушу айтылды. 

Айыл өкмөт тарабынан үй курууга 1 гектар жер тилкеси бөлүнөөрү кабарланды. 

Жергиликтүү тургундар менен да жолугушуулар өтүп, көйгөй жараткан маселелер жеринен чечилди.