Ташкентте Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа биримдигинин Борбор Азиядагы жаңы дайындалган атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын жана кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы башталган макулдашууну ишке ашыруунун алкагында аны андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Европа Биримдиги Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда, анын ичинде 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык жана Аймактык индикативдик программалардын алкагында ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.
Кыргыз тарап дүйнөдө вакциналардын бирдей эмес жайылышы боюнча маселени көтөрүп, COVAX механизминин алкагында Кыпгызстанга вакциналарды бөлүп берүү процессин тездетүү өтүнүчүн билдирди.
Мындан тышкары, тараптар Афганистандагы тынчтык жараянынын айланасындагы кырдаалды, аны өнүктүрүүнүн божомолдорун жана Афганистандын аймагында тынчтыкты орнотуу боюнча биргелешкен кадамдарды өзүнчө талкуулашты.
Жолугушууда 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Биринчи Европа биримдиги - Борбор Азия экономикалык форумун даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.