Жаңылыктар
Ысык-Көлдө Орусиянын жараны жоголду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө Орусиянын жараны жоголду

Ысык-Көл облусунун жайлоосунда үй-бүлөсү менен эс алууга келген Россиянын жараны жоголду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 16-июлда Россиялык адам арыз менен Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган.

Маалыматка караганда, 15-июлда анын үй-бүлөсү беш адам Каракол – Алакөл жайлоосуна көпүрөдөн өтүп, отун алып келүү үчүн барышкан, анын 29 жаштагы кызы көпүрөнүн аркы өйүзүндө калган, натыйжада ал дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине Ак-Суу районунан 12 куткаруучу, Каракол шаарынан 5 куткаруучу, ошондой эле райондук ички иштер органдарынан 15 кызматкер тартылган. 16-июлдагы издөө натыйжа берген эмес, издөө иштери бүгүн дагы уланууда.