Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» Пекин маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча заводду куруу жана дары чөптөрдүн негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.
Жылдыз Бакашова Кытай мамлекетине пандемия учурунда өлкөгө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгиледи.
«Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген», - деди Жылдыз Бакашова.