Бүгүн, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Эмдөөгө кызматкерлер активдүү катышып, мындан тышкары адистен кеңеш алып кеткендер да болду.
Кыргызстанда коронавирус илдети жогорку чекке жетти. Катталгандардын саны күнүгө миңден ашуун болуп, илдеттин курмандыгына 10дон ашык адам кабылууда. Ушул жагдайга байланыштуу эмдөө иши күчөтүлүүдө.
Буга чейин Садыр Жапаров Республикалык ыкчам штабка өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында калкты эмдөө иштерин тездетүүнү тапшырган.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө алынып келинген 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы аймактардагы калкка, ооругандардын санына жараша бөлүштүрүлүп, учурда өлкөдө массалык эмдөө иштери башталган.