Жаңылыктар
Селден улам жабылган Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолу ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Селден улам жабылган Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолу ачылды

Ошто катуу жааган жаандан улам суу каптаган Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Кечээ саат 20:00дөр чамасында аталган унаа жолдун 70-чакырымында сел жүрүп, жол жабылган. Ошондой эле Кара-Булак айылында жайгашкан үч турак үйдүн короосуна суу кирген.

Жерине тазалоо иштери үчүн Алай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобунан беш куткаруучу, бир грейдер, үч жүктөгүч, бир самосвал тартылган. Жол саат 23:40та толук тазаланып, ачылды.