Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал президенттин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон берди. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө 50 миң сомдон тапшырылган. "Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери президенттин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт", — деп билдирген Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.
Эске салсак, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда катуу жаандан улам сел жүргөн. Сел Ак-Жол айыл аймагына караштуу Жолборсту айылында бир турак үйдү жана анын ичиндеги жети адамды агызып кеткен. Мындан тышкары, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Таштак айылында суунун жээгинде ойноп жаткан беш жаштагы баланы да агызган. Ал эми 3 жашар бөбөктүн сөөгү эки күндөн кийин табылды, 5 жаштагы бала изделүүдө.