Жаңылыктар
Суракматов үй камагына чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Суракматов үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовго Биринчи май райондук сотунун мурда камакка алуу түрүндө тандалган чечими кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө процесстик келишим түзүлүп, ага ылайык, ал Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 миллионун кайтарып берген. 

Калган чыгымдарды төлөө график боюнча Азиз Суракматов тарабынан төлөнүп берилет. Кылмыш иши боюнча, бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.