Жаңылыктар
Быйыл калк үчүн электр энергиясына баа кымбаттабайт
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл калк үчүн электр энергиясына баа кымбаттабайт

Президент Садыр Жапаровдун сунушунун негизинде электр энергиясынын тарифтерин келерки жылга чейин кымбаттатпоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты. 

"Эл үчүн электр кубатынын тарифтерин 2022-жылдын апрель айына чейин азыркы баасында кармап туруу чечими кабыл алынды. Тоолуу аймакта жашагандар үчүн 700 киловатт-сааттык лимит алып салынат. Электр кубатын колдонгон башка бардык категориядагылар үчүн тарифтерди карап чыгышат", — деп айтылган маалыматта. 

Эске салсак, апрель айында мамлекет башчы тарифтерди көтөрүү боюнча сунуш киргизген. Бийлик алгач абоненттерди категорияга бөлүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк министрлер кабинети эл үчүн бирдей, киловатт-саатына 1 сом 9 тыйын кылуу боюнча пикирин билдирген. Жаңы бааларды 2021-жылдын сентябрь айында киргизүүнү пландашкан.