Жаңылыктар
Кыргызстанда сабиздин баасы арзандай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда сабиздин баасы арзандай баштады

Кыргызстанда сабиздин баасы арзандай баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. 

"Сабиздин жаңы түшүмү жыйнала баштагандыктан жана агенттиктин аракеттеринен улам базарларда сабиздин баасы жөнгө салынып, арзандай баштады",-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта. Азыр базарларда сабиздин орточо баасы 50 сомдун тегерегинде. 

Агенттик өткөн айда сабиздин баасы жогорулап кеткенинен улам Чүй облусундагы бир нече ишкерге байланыштуу териштирүү жүргүзгөн. Мекеменин башчысы Кеңешбай Тайлаков парламентте бул жагдайда "кызыл кулактык" бар экенин айткан. Топтолгон материалдар тийиштүү органдарга берилерин билдирген. 

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиздин кымбатташынын себебин суроо-талаптын көбөйгөнү менен дагы байланыштырган. Расмий маалыматка ылайык, былтыр беш айда 13 миң тонна сабиз экспорттолсо, быйыл жыл башынан тартып 31 миң тонна сабиз сыртка сатылган. 

Кыргызстанда сабиздин баасы бир ай мурдараак 100-120 сомго чейин чыккан.