Түзүлгөнүнө 20 жылдан ашса да Баткен шаарында таза суу көйгөйү курч. Буга чейин бир нече долбоорлор ишке ашып, элге пайдасы тийген эмес. 600дөн ашуун кожолук жашаган Булак-Башы кварталында эле негизги көчөсүнөн таза суу чыгат. Ал да 1 же 2 гана түтүктөн берилип, сууга кезек күткөндөр көп. Өткөн кылымдын 60-жылдары курулган суу тутуму да эскирген. Мындан улам жер астындагы туздуу суу кошулуп кетет.