Жаңылыктар
Улукбек Марипов: Аксы районунда өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча чукул чаралар көрүлүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов: Аксы районунда өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча чукул чаралар көрүлүп жатат

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды. 

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл. Мындан тышкары, Улукбек Марипов кырсык орун алган аймакта тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле, мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана атайын техникалары сел жүргөн жерде табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин толук көлөмдө жүргүзүп жатат. Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө кырдаалдын кесепетинен сел 8 жаранды агызып кеткен, алардын алтоонун сөөгү табылган, турак үйлөр да талкаланып, айрым жерлерде унаа жолу, көпүрөлөр жана башка курулуштарга зыян келтирилген. Төрага кошумчалагандай, Баткен облусунун Баткен районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы сел кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча да чараларды кабыл алуу зарыл, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүсү жана зарыл болгон учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартуусу тапшырылды.

Белгилесек, Президент Министрлер кабинетине кыска мөөнөттө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырган.