Президент Садыр Жапаров, 12-июлда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Президент бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди. Кырсыктан жабыр тарткандардын бардыгына мамлекет тарабынан колдон келген колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.
Ошондой эле мамлекет башчысы селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча Министрлер кабинетине тапшырма берди.