Жаңылыктар
ӨКМ: 20 миңдей адам кооптуу аймакта жашайт
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: 20 миңдей адам кооптуу аймакта жашайт

Кыргызстанда 20 миңдей адам жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов парламенттин комитет жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, өлкө боюнча 4 554 аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Бүгүнкү күндө 1186 жер көчкү калктуу конуштарга жана объектилерге коркунуч жаратууда. Бардык жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарында. 543 калктуу конуштар жана участоктор, 321 ар кандай объектилер жер көчкү болчу жерде жайгашкан. Ал аймактарда 20 миңдей адам жашайт - деди Шамырканов.