Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Иван Панфилов атындагы Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынына 80 жыл болду. Буга байланыштуу борбордо салттанатуу иш-чара өттү. Маараке дивизиянын аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшүү менен уланып, Иван Панфиловдун эстелигине гүлчамбар коюлду.
Белгилей кетсек, 316-аткычтар дивизиясы Орто Азия аскер округунун командачысынын буйругу менен 1941-жылы түзүлүлүп, ага колбашчылык кылуу Кыргыз ССРнин аскер комиссары генерал-майор Иван Панфиловго тапшырылган. Ата Мекендик согушта көрсөткөн баатырдыктары жана каармандыктары үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген жаңы аталышка ээ болгон. Кийин генерал-майор Панфиловдун ысымы ыйгарылган. Дивизиянын 80 жылдыгына арналган иш-чара Күжүрмөн тууларды алып чыгуу жана салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады.