Жалал-Абаддын Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен.
ӨКМден билдиришкендей, сел суулары Таштак айылында 2016-ж.т. К.А. аттуу баланы, Ак-Жол а/а, Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп, 2018-ж.т. Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.
"Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган. Жогоруда аталган кыз менен бала дайынсыз болууда. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын №2 Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 20 куткаруучу, Аксы райондук №70 ӨКБдан 6 куткаруучу, РИИБден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган" - деп айтылат маалыматта.