Кытайдан алынып келген Sinopharm вакцинасы атайын муздаткычы бар унаалар менен аймактарга жөнөтүлдү. Вакцина региондордун калкына жана ооругандардын санына жараша бөлүштүрүлдү. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде 847 убактылуу эмдөө жайы ачылган. Коммерциялык жана медициналык мекемелерде, кинотеатрларда мобилдик топтор иштей баштады.
Өлкөдө COVID-19 илдети жогорку чекке жетти. Мындан улам эмдөө иши күчөтүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө алынып келинген 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы аймактардагы калкка, ооругандардын санына жараша бөлүштүрүлдү.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги августтун ортосуна чейин 1 млн 250 миң адамды коронавируска каршы эмдөөнү пландап жатат. Эгер элдин 70 пайызы эмделсе, жамааттык иммунитет пайда болору белгиленүүдө. Бул 2 млн 187 миң 417 жаранды түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 130 миң адам вакцина алган.
Өлкө боюнча 599 мамлекеттик медициналык мекемеде, 10 жеке медициналык имаратта, 100 жалпы билим берүүчү мекемеде, 12 соода борбордо, 12 маданий жана спорт жайларында, 30 базарда эмдөө пункттары ачылган. Алардын иштөө убактысы төмөндөгүдөй:
- мамлекеттик медициналык мекемелерде - 8:00 - 23:00;
- жеке медициналык мекемелерде - 8:00 - 17:00;
- жалпы билим берүү мекемелерде - 9:00 - 17:00;
- соода борборлорунда - 10:30 - 21:30;
- маданий жана спорт жайлары менен көчмө мобилдик бригадалар - 9:00 - 17:00 чейин иштейт.
Аталган жайлардын даректерин, иштөө тартибин med.kg сайтынан кенен билүүгө болот.
Жакында коронавируска каршы эмдөөгө жазылуу онлайн түрдө жеткиликтүү болот. Азыр ыктыярчылар окутулууда. Алар өз алдынча эмдөөгө каттала албай жаткан же мүмкүнчүлүгү жок жарандарга жардам көрсөтөт. Ошондой эле, “Түндүк” электрондук порталы аркылуу коронавируска каршы вакцинадан өткөндүгү тууралуу электрондук сертификат берүү сервиси иштелип чыкты.
Бүгүнкү күндө дарыгерлер эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу кош бойлуу аялдарга вакцинаны алууну сунушташууда. Ар кайсы өлкөлөрдүн адистери эмдөөнүн пайдасы анын тобокелдигинен жогору деп эсептешет. COVID-19 эрте төрөлүү же түйүлдүктүн көтөрүлбөй калуу коркунучун жогорулатат. Медицина кызматкерлери эмдөөдөн өткөн боюнда бар айымдарды өз убагында көзөмөлдөп туруулары керек. Эске салсак, дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун боюнда бар айым эмдөөдөн өттү.
Бүгүнкү күндө дарыгерлер жарандарды вакцина алууга активдүү катышууга чакырууда. Айтымдарында эмдөө коронавирустан арылуунун башкы жолдорунун бири. Өлкөгө июлдун аягында дагы Кытай вакцинасынын 1 млн. 250 миң кошумча дозасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.