Тиешелүү тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Президенттин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн.
Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты жемкорлукка каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.