Жаңылыктар
Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Таалатбек Масадыков 1961-жылы Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн, эл аралык байланыштар боюнча адис. 

Ал СССР Коргоо министрлигине караштуу Москвадагы аскердик институтта окутуучу болгон. Ооганстанда котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген.

Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебине тапшырып, билим алган. Улуттар Уюмунун Саясий маселелер боюнча департаментине чакырылган. 

Андан кийин 13 жыл бою Ооганстан, Пакистан, Иран боюнча иштеп, мекенине кайтып келген. Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңеши президенттин коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Кеңешти президент Садыр Жапаров жетектейт.