Улуттук статистика комитети былтыр Кыргызстанда калктын санынын өсүү темпи төмөндөп кеткени тууралуу маалыматты жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, соңку убакта калктын санынын өсүү темпи жылына 2-2,1 пайыз болуп турган. Бирок 2020-жылы бул көрсөткүч 1,7 пайызга чейин түшүп кеткен. Буга COVID-19 оорусуна байланыштуу адам өлүмү көбөйгөнү, төрөлгөн балдардын санынын азайганы олуттуу таасир эткени айтылат.
2019-жылы 173 миң бала төрөлсө, былтыр 158 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген. Мындан сырткары, эпидкырдаалдан улам өзгөчө абал жарыяланган бул убакта эки айдай туулгандыгы, каза болгондугу, никеге турганы жана ажырашкандыгы тууралуу расмий органдардан күбөлүк берилбегени кыскаруунун бир себеби болгону белгиленет.
2021-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түзгөн. Алардын 66 пайызы айылда, 34 пайызы шаарда жашайт. Ошондой эле эркектер калктын 49,6 пайызын, аялдар 50,4 пайызын түзөрү айтылат.