12-июлга карата коронавирустан дарылоочу ооруканалардагы орундардын саны - 6 миң 279, анын 1 миң 545и бош. Мунун ичинен Бишкек шаары боюнча 2 миң 336 орун бар. Анын ичинен 339 койка бош. Чүй облусунда орундардын саны - 940, 117 орун бош. Таласта 78 орундун алтоо бош. Нарында 259 койка бар, анын ичинен 139у бош. Ысык-Көл облусунда 658 орун бар, 148и бош. Ош шаарында 357 орун бар, 167си бош. Ош облусунда 742 койка, 336 орун бош. Жалал-Абад облусунда 520 орун даярдалган, анын 135и бош. Баткенде 389 орун, 158 бош койка бар.