Жаңылыктар
ИИМ: 59 мас айдоочу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: 59 мас айдоочу кармалды

Чүй облусунун аймагында 1нен 12-июлга чейин 807 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мас абалында унаа башкаруу – 59, терезелерин караңгылатуу – 6, жогорку ылдамдыкта айдоо – 277, ал эми 19 айдоочу тиешелүү документи жок рулга отурган. Жыйынтыгында атайын айып унаа токтотуучу жайына 116 унаа токтотулган.