Жаңылыктар
ИИМ: Мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түштү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түштү

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо күнү Ички иштер министрлигине шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 67 маалымат түштү. Алардын баары электрондук журналга катталды. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин "добуштарды сатып алуу" боюнча үч факты, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин "майда бейбаштык" беренеси боюнча 2 факты аныкталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. 

Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Калган иштер боюнча милиция жеринде окуяларды териштирүүдө. 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өтүп, 26 партиядан 2200дөн ашык талапкер ат салышты. Баштапкы эсепке ылайык, Бишкекте 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө алдыда. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.