Эл аралык маалымат булактары бирдиргендей акыркы суткада, дүйнөдө коронавирустун 489 миң 576 учуру катталды. Пандемиянын башынан бери жалпысынан 185 миллион 514 минден ашуун адам жугуштуу илдетке чалдыкканы айтылууда. Кыргызстанда пандемиянын башынан бери коронавирус менен пневмониянын 135 миңден ашуун учуру катталган. Бүгүнкү күндө суткалык көрсөткүчтөр жогорку деңгээлге жетип баратканын адистер айтышууда. Ошондуктан өлкөбүздө бул жугуштуу илдеттин тарашына каршылык көрсөтүү максатында бир топ катуу тартиптеги иш чаралар көрүлүп келүүдо. Санитардык талаптарын одоно бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы бир катар ресторан жана соода борборлоруна карата штрафтык чаралар колдонулганы белгилүү болду. Коомдук транспортук каражаттарын санитардык тазалоо иштери күчөтүлүүдө.
Ушул жумада Токмок шаарынын мэриясынын буйругу менен маршруттук такси жана шаардык автобустарда санитардык тазалоо тартиби кайрадан жандандырылды. Жалал-абад облусунун аймактарында да тойкана, кафелердин иштөө тартибине санитардык талаптарга ылайык өзгөчүлүктөр киргизилип келүүдө. Батен облусуна президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык атайын ден-соолук кербени жөнөп кетти. Өлкө боюнча бет кап тагуу жана аралыкты сактоо талаптары күчөтүлүүдө, тез жардам кызматы жана ыкчам медициналык топторунун иши күн-түн тартибинде улантылууда. Өлкөбүз дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндөй эле илдетке каршы турууну күчөтүп келүүдө…