Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу, туристтик мүмкүнчүлүктөрү чексиз жагымдуулугу менен айырмаланып келет. Бирок, тилекке каршы өлкөбүздө туризм тармагы дагы да болсо толук күчүнө кирип, өнүгө элек. Эл аралык стандарттагы эс алуу жайлары, пансионаттар, жаратылыш коруктары, бийик толуу туристтик маршруттар, улуттук каада-салттарын көрсөтүп даңазалаган этникалык айылдар - мунун баары бүгүнкү күндө иштеп, конок тозсп, эс алуучуларга жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүп, туризм тармагынын өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошуп келет. Ошентсе да, кайсы бир деңгээлде объективдүү жана айрым жеке себетер өлкөдөгү туризм тармагынын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жатканын четке кагуу кыйын.
Объективдүү себебтердин бири өткөн жылдан бери эс алуучуларга тоскоолдук жаратып келген коронавирус пандемиясынын кесепеттери болуп саналат. Бул илдеттин айынан Кыргызстанга эс алууга келип жүргөн туристтердин саны кескин азайганы талашсыз. Быйылкы жылы да коронавирус туризмге өзүнүн терс таасирин тийгизип келүүдө. Бирок бул тармакта иштеп жаткан адистер, эс алуучу жайлар, санаторий жана пансионаттар, жеке менчик туристтик мейманканалар конок күтүп, туристтерден үмүтүн үзбөй келет. Учурда Ыссык-Көлдүн айланысандагы эс алуу жайлары туристтерди тейлеп, конокторду күтүп туристтик сезонду өз денгээлинде өткөрүп келишүүдө. Албетте, эс алуу жайларында санитардык талаптарынын так аткарылышы атайын көзөмөлгө алынган.