2021-жылдын 17-июнунда Жогорку Кенеш "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алды. Аталган мыйзамга Президент кол койду. Бул мыйзамдын негизги максаты, багыты, актуалдуулугу эмнеде?
Кыргызстанда коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү 30 жылдын ичинде укуктук актылар тарабынан чектелип же жөнгө салынып келген эмес. Башкача айтканда, алар Конституциянын берген эркиндиктерине гана таянып иш тутуп келген. Саясий серепчилрдин пикиринде, Кыргызстандагы мындай либералдык демократиянын эркиндиги көптөгөн уюмдарга адам укугун коргоо лозунгтарын жамынып алып батыш демократиясынын принциптерин кыргыз коомчулугуна таңуулоо аракеттерин жүргүзүүгө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берип келген. Натыйжада, өлкөдөгү демократиялык өнүгүүнүн улуттук, салттуу өзгөчөлүктөрүн, баалулуктарын жокко чыгарып, кыргыз элине таандык эмес болгон, чоочун баалулуктары үлгү катары таңууланып келген. Көптөгөн саясий эксперттердин айтымында, кабыл алынган бул мыйзамдын беренелери адам укугун коргоо шылтоосу менен күн көрүп келген уюмдарга, албетте, жакпайт. Себеби, буга чейинки эркин мейкиндик мындан ары мыйзам чегинде аныкталып, уюмдардын аракеттери мыйзам чегинде болууга тийиш.
Чынында эле, кийинки 30 жылдан бери коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдардын Кыргызстанда алып барган иштерин өлкөгө, коомго, жалпы элге пайдалуу жана позитивдүү деп айтууга тил бурулбайт, деген пикирин серепчилер жашырбайт. Эгемен мамлекетти түптөө, укуктук жана демократиялык принциптерин орнотуу маселелерине келгенде, чет өлкөлүк уюмдардын каржылоо жана колдоосу астында иштеп келген көптөгөн уюмдардын көз караштары Кыргыз мамлекетинин, өкмөттүк расмий позицияларына карама-каршы келип, коомдогу бейпилдикти, өлкөдөгү тынчтыкты козгоп келгенин тана албайбыз, дейт саясий эксперттер. Ошондой болгон күндө да Кыргызстан чыныгы демократиялык өнүгүү жолун тандаган мамлекет катары, бул уюмдардын жасаган аракеттерин, эркиндигин чектебей, тизгинин бош коюп келген. Жыйынтыгында, өлкөдөгү түстүү революциялардын, саясий башаламандыктардын орун алып, мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсү аксап келгендигинде коммерциялык жана окумоттук эмес уюмдардын ээлеген орду орчундуу, деп айтат серепчилер.
Коомчулуктун көз карашын, аң-сезимин чет өлкөлүк уюмдардын буйрутмасына ылайык түптөө, мамлекеттик өнүгүүнүн кадамдарын чектөө бул уюмдардын негизги максаттары болуп саналат, дейт серепчилер. Ал эми кабыл алынган жаңы мыйзам аталган уюмдардын мындан кийинки иш аракеттерине кандай өзгөрүүлөрдү, мамлекет менен коомчулуктун ортосундагы мамилелерге эмне жаңылыктарды алып келет?